POST1RIGHT
Соңку жылдары зыяндуу заттар абага коркунуч келтирген ченемде тарап жатат. Гидрометеорология мекемеси абага мүнөт сайын байкоо салат. Бул үчүн станционардык жайлар жана автоматтык станция иш алып барууда. Тилекке каршы Бишкектин абасын таза деп айтууга болбойт. Көпчүлүк адистер абаны автоунаадан чыккан түтүн булгап жатканын айтат. Мындан улам зыяны көп эски унаалардан арылууну сунушташат.
Деги эле бензин менен дизель жаратылышка залакасын тийгизүүдө. Мындан улам газ менен жүрүүчү унаалар абалды жеңилдетерин белгилегендер бар. Шаардын түтүнгө чулганган абалын эске алып, калаа бийлиги коомдук транспорттун катарын жаратылышка зыянын тийгизбеген автобус, троллейбустар менен толуктоону максат кылууда. Анткен менен автонуулардын көптүгү абаны булгап жаткан жалгыз көрүнүш эмес. Жылуулук борборунан чыккан түтүндүн да зыяндуу экени аныкталган.