POST1RIGHT
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы билдиргендей, аталган медреселер талапка жооп бербейт. Негизи эле, учурда диний окуу жайларга көзөмөл кандай? Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кандай ишке ашырылууда? Умар Жумабеков аскердик кызматкер болуп, кызматым элге жукса деп кыялданат. Бирок, адегенде адамга керек болгон адеп-ахлак, таалим-тарбия сабактарын алып, диний түшүнүктү бекемдеп алуу үчүн учурда медреседе окуп жатат. Чүй облусунун Арашан айылындагы бул диний мекемеде учурда 100гө жакын бала билим алат. Алар 3 жыл аралыгында диний гана эмес, светтик предметтерди да кошо окуп жүрөт. Мисалы, информатика илимин мыкты өздөштүргөн жигиттер бар. Андан сырткары чыгармачылык менен да алектенишет.
Кыргызстандын диний турмушунун тарыхында Куран айтуу боюнча дүйнөлүк жарышта 3-орунду багындырган жигит да дал ушул медреседен тарбияланган. Мындан окуу жайдын окутуу программасы бекем түзүлгөнүн байкоого болот. Андан сырткары медресенин директору Куран айтуу боюнча дүйнөлүк жарыштарда Борбордук Азиядан өкүл болуп шайланган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөттү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында талапка жооп бербеген жети медресенин иши токтотулду. Аталган медреселердин окуу шарттары, жатаканасы, мугалимдердин билим деңгээли жетишээрлик болгон эмес. Учурда Кыргызстанда 100дөн ашык медресе бар. Дин комиссиясынын талаптарына анчалык жооп бербеген дагы 20 окуу жайга эскертүү каттары жөнөтүлдү.
Негизи, диний окуу жайлардын окуу программалары Кыргызстан дин мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан ар квартал сайын текшерилип турат. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат светтик мамлекеттин принциптерине таянып жүргүзүлүшүн Президент Сооронбай Жээнбеков 5-январь күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алганда билдирген. Өлкө башчы калктын диний чөйрөдөгү билим деңгээлин жогорулатуу боюнча жумушту күчөтүп, бардык медреселерде жана башка диний билим берүү мекемелеринде бирдиктүү окутуу программасы ишке ашырылышы зарыл экендигин айткан. Президенттин берген тапшырмасы четинен аткарылып, диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу аракеттери күчөтүлдү.