Бишкек шаарынын абасынын 65%ын унаалардан чыккан уулуу заттар булгайт
Новость www

POST1RIGHT

Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматында, Бишкек шаарынын абасынын 65%ын унаалардан чыккан уулуу заттар булгайт. Буга байланыштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы унаалардын бардык түрүн текшерүүгө ала турган болушту. Бул максатта заманбап жабдыктар алынып келинди. Мекеме кызматкерлери унаалардан чыккан түтүндүн деңгээлин иш жүзүндө аныктап, биздин каналга көрсөтүп беришти. 



Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы бензин колдонгон унааларды бир башка, дизель майын колдонгон автоунааларды өзүнчө жабдык менен текшерүүгө алышат. Алгач бензин менен жүргөн унаадан чыккан түтүндүн деңгээли аныкталды. 



Ушундай эле текшерүү маалында дизель майын пайдаланган кичи автобус чыгарган түтүндө уулуу заттын деңгээли нормадан ашыкча болуп чыкты. 




Унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү 2012-жылы жокко чыгарылган. Мыйзам боюнча бүгүнкү күндө коомдук транспорттор гана техникалык текшерүүдөн өтпөсө, жеке жеңил унаалар кароодон өтпөйт. Бирок абанын булгануусунан улам экологиялык текшерүүнү киргизүү боюнча маселе каралып жатат. 



Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматында, Бишкек шаарынын абасынын 65%ын унаалардан чыккан уулуу заттар булгайт.




Автоунаадан уулуу заттардын нормадан көп чыгышына эскирген унаанын айдалышы жана күйүүчү майдын сапатсыз болгону себеп экенин адистер айтышат.