Токмок шаарында жер алдынан көтөрүлгөн суунун деңгээли төмөндөдү. Учурда тиешелүү тармактын адистери арыктарды тазалоо иштери менен алек. Бирок айрым участоктордо дренаждын үстүнө же болбосо айланасына мыйзамсыз курулган турак-жай жана чарба объектилери иштин жүрүшүнө тоскоолдук алып келүүдө. POST1RIGHT
Адистер ишке жолтоо кылган сарай, чарбалык короо-жайларды талкалап жатат. Анткени алар мыйзамсыз курулган. 20 жылдан ашык убакыттан бери тазалана элек дренаждардын жээгине, атүгүл үстүнө турак-жай куруп алган учурлар аныкталган.
Мыйзамсыз курулуштар демекчи, дренаждын үстүндө жайгашкан май куюучу жай мыйзамсыз деп эсептелет. АЗС ээси жерди тааныш салып мыйзамдаштырып алган. Учурда аккан суу, алдындагы бийик коюлган куурга такалып айланасындагы үйлөрдөн суу тартыла элек. Буга чейин шаар бийлиги сотко кайрылып утулуп калган. Азыр жашоочулар өзүлөрү иликтөө жүргүзүп, жер мыйзамсыз экендигин далилдөө аракетинде.
Эгер маселе жаралбаса жергиликтүү аткаминерлер кыймылдайт беле белгисиз. Курулган нерсенин баары буга чейин мэриянын уруксаты менен ишке ашкан. Шаар бийлиги эми гана иликтөөсүн баштады.
Бир айдан ашык убакыттан берки тазалоо иштери ушул айдын ортосунда аякташы күтүлүүдө. Сарайлар бузулуп, бак-дарактар кыйылууда. Ал эми мыйзамсыз ири курулуштар алынабы же жокпу али белгисиз.