POST1RIGHT
Коомдук биринчи каналдан абанын булганышы тууралуу репортаждар байма-бай көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу, бизге Сокулук районунун Фрунзе айылынын жашоочуларынан кайрылуу келип түшкөн. Анда айтылгандай, Фрунзе айылы 10 жылга жакын убакыттан бери кара түтүн алдында күн кечирип келишет.
Эгерде мор болбогондо Сокулуктун сол тарабынан коюланган кара түтүндү көргөн адам дароо эле чоң бир нерсе өрттөнүп жатат деп ойлоору бышык эле. Анткени абага ушунчалык деңгээлде зыяндуу заттар тарап жатканын Фрунзе айлына жетип-жетпей эле байкоого болот.
Коомдук биринчи каналдын келишин айыл эли топтолуп күтүп жатышыптыр. Себеби айыл ичинде жайгашкан ун азыктарын чыгара турган рола компаниясынын заводу жайы-кышы дебей иштеп, морунан түтүн токтобойт.
Айыл эли арыз жаза берип эч кандай майнап чыкпаган соң, 1 жыл мурда кайсы бир телекомпаниянын журналистерин алып келип тарттырышкан. Бирок ага дагы заводдун жетекчилиги тарабынан бут тосуулар болуп, эфирге чыкпай калгандыгын айтышат.
Заводдон чыккан түтүндүн көөсү айланадагы айылдарды басып жатат. Мына карап көрсөңүздөр аппак кардын үстүндөгү кара көө мөндүргө окшоп минтип көрүнүп турат. Андыктан айыл эли бекеринен арызданып жатпаса керек. Жада калса, сырттан келген адамга айылдагы булганыч аба дароо сезилгендиктен, бул аймакта 5 мүнөттөн ашык бет кабы жок тура албайсың.
Сыртка чыккан балдардан баштап, чоңдорго чейин оозу мурдун минтип кымтылап жүргөнгө көнүп деле калышкан. Антпесе мурун көңдөйүң карарып, заматта ышталып калгыдай. Жайы-кышы дебей морунан капкара түтүн бурулдап чыккан заводдогулар болсо, ага маани деле беришпейт. Өзүн кароолчулардын башчысымын деп тааныштырган бул жаран, жетекчиликтен бир да адам жок деген жүйөө менен бизди ичкери киргизген жок.
Айыл эли кайрылып жатып чарчадык деген айыл өкмөтү, бул жерде иштеп жатканына 5 ай гана болду деген жүйөөнү карманууда. Андан бери айыл ичинде жашап, ышталган аймакты байкап эле жүргөн. Бирок абанын булганышы тууралуу маселенин мынчалык курчуп кетээрин оюна деле алган эмес.