Бишкекте гриль бышырып сатуучу дүкөн өрттөндү
Новость http://egorievsk.tv

POST1RIGHT

Бишкектин Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гриль бышырып сатуучу дүкөндө өрт чыкты. ӨКМдин маалыматы боюнча, алгач гриль жасаган аппарат күйгөн.

Өрттүн кесепетинен бөлмөнүн желим шыбы, эшик, 3 даана газ баллон, муздаткыч жана башка техникалык жабдуулар, эмеректер өрттөндү. 

Адамдар жаракат алган эмес. Учурда өрттүн себеби жана чыгымдын көлөмү такталып жатат.