Чүйдө операция жолу менен төрөгөн 42 жаштагы эне комага түштү
Новость http://insultcure.ru

POST1RIGHT

Чүй облустук төрөт үйүндө операция жолу менен төрөгөн 42 жаштагы Роза Жусубалиева комага түштү. Бул тууралуу анын кайын энеси Зейнеп Жакшыбаева билдирди.

Анын айтымында, келини бир ай мурун боюнан түшүү коркунучу болгондуктан Чүй облустук төрөт үйүнө которулган. «Ал бир ай ымыркайды сактоо үчүн ооруканада жатты. Келиним 15-январь күнү өзүн жаман сезгендиктен өзүм келдим. Кечинде кан жоготуп, ага операция жасалды. Алгач ага күчтүү наркоз беришип, операция учурунда гана жалпы наркоз сайышты», - деди ал.

Р.Жусубалиеванын туугандарынын айтымында, ал комага түшкөндөн бери жасалма дем алдырууда жатат. Бул ымыркай анын бешинчи баласы. Анын күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок жана балдарынын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.