POST1RIGHT
Чүй облустук төрөт үйүндө операция аркылуу төрөгөндөн кийин абалы оорлоп, комада жаткан эне бүгүн, 20-январда көз жумду. Буга чейин маалымдалгандай, Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Роза Жусубалиева 15-январь күнү операция жолу менен төрөгөн. Ал андан кийин аппараттын жардамында жасалма дем алып жаткан. Анын туугандары дарыгерлер жаңылыштык кетирди деп нааразы болушкан эле. Маркумдун кайын энеси Зейнеп Жакшыбаеванын айтымында, келини бир ай мурун боюнан түшүү коркунучу болгондуктан Чүй облустук төрөт үйүнө которулган.
«Ал ымыркайды сактоо үчүн бир ай ооруканада жатты. Келиним 15-январь күнү өзүн жаман сезгендиктен өзүм келдим. Кечинде кан жоготуп, ага операция жасалды. Алгач ага күчтүү наркоз беришип, операция учурунда гана жалпы наркоз сайышты», - деди ал.
Оорукананын маалыматы боюнча, саат 18:55 чамасында кан кетип, бардык тиешелүү чаралар көрүлгөн. АКИpress агенттигине төрөт үйүнүн жетекчиси Шайыргүл Узагалиева билдиргендей, операция тиешелүү эрежелер менен жасалган болчу.
«Бардыгы туура жасалган. Москва шаарынан дары алып келүү керек. Дарыгерлер чогулуп, бул маселе талкууланды», - деген дарыгер.
Операция аркылуу жарыкка келген ымыркай 2 кг 800 грамм салмактагы уул бала. Ал маркумдун бешинчи төрөтү.