Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандардын саны 30га жетти
Новость www

POST1RIGHTАстана шаарында үшүк алып ооруканага кайрылгандар 30га жетти. Аны өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Казакстанда айрым аймактарда аба ырайы -38 градуска төмөндөдү. 

Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетет деп билдирүүдө. 

Ызгаардан улам Астана, Костанай шаарларында, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Караганды облустарында бала бакча, мектептер убактылуу жабылды.