Январь айында суук күчөйт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргызгидромет кызматы айдын акырына чейин катуу суук болоорун аныктап, жарандарга смс аркылуу эскертилди. 26-январдын баштап кышкы суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы 16 градуска чейин төмөндөйт. Тоолуу аймактарда аяздын күч 30 градустан ашаары болжонду.

Катуу сууктун ызгаары азыртан эле сезиле баштады. Эшиктеги аяз бети-башты каарып, көпкө турууга мүмкүн эмес. Эскертилген күндөрү суук мындан өтөрү турган иш. Мындай суук аба ырайы кыштоолордо малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Саналуу күндөн кийин өлкөнү ченемден ашыкча суук каптамакчы.

Адистер суукка урунуп калбоо үчүн жылуу кийинүү керек деп кеңеш берет. Эгер катуу сууктан улам билим берүү имараттары жакшы жылыбай калса, алар жабылышы ыктымал. Кыштын чилдеси күчүнө кирген күндөрү ар бир адам ден соолугуна кам көрүшү абзел.