POST1RIGHT
Талас облусундагы "Жана" каналы ар кандай агындылардан тазаланып жатат. Каналды тазалоого облустук Бассеиндик суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү техникалар менен чыгышкан. Белгилей кетсек, аталган каналдан Талас, Бакай-Ата райондорунун миңдеген айдоо жерлери суугарылат.
Буга чейин Чолок каналынын жээктери оңдолуп, тазаланган. Бул үчүн өкмөттөн 2 млн. сом каражат каралган. Талас облусундагы башкы каналдарды тазалоо иштери жылына маал-маалы менен жүрүп турат.
Ири суугат каналдарынын оңдолушу менен быйыл дагы 4 миң гектардан ашуун айдоо жери өздөштүрүлөөрүн адистер билдирет.