POST1RIGHTЭлектр энергиясы өчкөн аймактарда 35 бригада иштеп жатат. Бул тууралуу “Түндүк электр" ишканасы билдирет. Авариялык өчүүлөр көп учурда Бишкектин түштүк кичи райондорунда болуп жатканы айтылган. Чыгыш райондук электр станциясына 93 арыздануу түшкөн.
Учурда анын 83ү боюнча оңдоо иштери аткарылган. Ал эми Батыш райондук электр станциясына жарандар 280 арызды калтырышкан. Анын 245и боюнча оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Учурда иштер улантылууда. “Түндүк электр” ишканасы жарандарды электр жылыткычтарын пайдаланбоого чакырууда.