POST1RIGHT
Айрым аймактарда көгүлтүр от 3 күн болбойт. Аны "Газпром Кыргызстан" ишканасы эскертет. 31-январдан 2-февралга чейин Бишкек шаарынын Красный строитель, Төмөнкү Ала-Арча конуштарында, Андижан, Логвиненко, Биринчи Май, Зеленая, Колхозная, Кыргыз, Белинский, Коллективная, Аул, Новосельская көчөлөрүндө, Аульный чакан көчөсүндө газ болбойт.
Ошондой эле, 1-2-февралда Жалал-Абад шаарынын Ленин, Абасбеков көчөлөрүндө дагы көгүлтүр отту берүү үзгүлтүккө учурайт. Убактылуу өчүрүүлөр "газ куурларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринен улам болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.