Кыргызстанда чакан ГЭСтер курулат
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызстанда 2023-жылга чейин 11 чакан ГЭС курулуп, ишке кирет. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин пландоо жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Мирбек Эсенгулов билдирди. 

Анын айтымында, чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда ири ГЭСтерди куруу да пландаштырылып жатат. Мисалы, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС 2021-жылы ишке кирет. Маалыматка ылайык, курулчу кичи ГЕСтердин кубаттуулугу 162 мегаваттка чейин жетет.