Түбөлүк сүйүүнү тастыктаган Украина Президентинин твиттердеги посту
Новость twitter/petr_poroshenko

Украинанын Президенти Петр Порошенко бүгүн келинчеги Маринаны туулган күнү менен куттуктап Твиттер баракчасына жүрөктү элжиреткен пост жазды.

Өз постунда мамлекет башчысы, "Дайыма сенин сулуулугуңа жана сүйүү толгон жүрөгүңө суктана берем. Туулган күнүң менен, сүйгөнүм!"- деп жазган.

Марина Порошенко бүгүн 1-февралда 56 жашка толду. Киев медициналык институтту аяктаган. Медицина илимдеринин кандидаты, көз карандысыз Украинадагы эң биринчи диссертациянын автору.

Азыркы убакта Петр Порошенко атындагы Кайрымдуулук фондунун Кеңешинин төрагасы.

Ушул жылдын 19-январында Украиналык маданият фондунун Төрагасы болуп дайындалган.