Өлкөдө полиэтилен баштыктарды чыгарууга жана колдонууга тыюу салынышы мүмкүн
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргызстанда полиэтилен баштыктарды чыгарууга жана колдонууга тыюу салуу боюнча сунуш бышып жетилди. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги дал ушундай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду.

Демилгечи тарап желим баштыктары арзан жана ыңгайлуу болгону менен айлана-чөйрөнүн көркүн бузуп, экологияга зыян тийгизип жатканына кабатыр. Бул маселе дүйнө жүзүндө көйгөйгөайланды. Мындан улам, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги экологияны сактап, айлана-чөйрөнү жагымсыз көрүнүштөрдөн арачалап калуу максатында мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш желим баштыктарды чыгарууга жана колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун мындан 3 жыл мурда көтөрүп чыккан. Бирок Кыргызстанда целлофан өндүргөн ишканалардын жылдык кирешеси 16 миллион сомду түзөт деген жүйөө менен, колдоо тапкан эмес.