Кыргызстанда 34 жаран кызамык оорусу менен ооругандыгы аныкталды
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккан 34 учур белгилүү болду. Дарыгерлер өлкөнүн бардык аймактарында кызамык оорусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анткени балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелер да бар. 

Кыргызстанда кызылчанын биринчи учуру , өткөн жылдын декабрь айында  Россиядан келген жаранда катталып, 44 адамга жуккан. Январь айында болсо кызамык оорусу менен 34 адам катталган. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Алина Абасова, "Биринчи радио"