Ош: Кара-Суу районунда ботулизм илдетине чалдыккандар арбыды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Оштун Кара-Суу районунун 13 тургуну “ботулизм” илдети менен жабыркап, ооруканада жатат. Булардын жетөөсү балдар. Учурда ууланган жарандар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турат. Бешөөнүн абалы оор болгондуктан, алар жандандыруу бөлүмүндө кармалууда.

Ботулизм таякчалары- таза тазаланбаган мөмө-жемиште жана гигиеналык эрежелерди сактабаган жайларда пайда болорун адистер эскертет. Ал эми, бул илдетке кабылгандарга айлап, айрым учурларда жылдап, дарыланууга туура келет.