Чаткал районунда Ооган согушуна жана Баткен окуяларына катышкан ардагерлерге акчалай белектер тапшырылды.
Акимчиликтин маалыматына караганда, иш-чара 23-февраль — Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулду.
Анда 50 адамга акчалай сыйлыктар берилди.