POST1RIGHTБишкек жылуулук борборун иликтеген депутаттык комиссия 1-апрелге чейин иштейт. Алардын иш мөөнөтү узартылганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. Буга материалдардын көптүгү себеп болгон.
Эске салсак, быйыл 26-январда Бишкек жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берүү төмөндөгөн.
Авария боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кырдаалдын чоо-жайын парламентте депутаттык, өкмөттө мекемелер аралык комиссия иликтей баштаган.