"Үрөнчүлүк боюнча коомдук фонддорду колдоо" долбоору жыйынтыкталууда
Новость www

POST1RIGHT

Үч жылдын аралыгында 10 миңден ашык фермерлерге үрөн жана жер семирткичтер таратылган. Жер иштетүүнүн жемишин көргөн элет тургундары долбоордун артыкчылыктарына маани берүүдө. Дыйкан чарбаларын колдоо иретинде Дүйнөлүк банктын долбоору 2015-жылы иштей баштаган. 

Ал аркылуу үрөн менен жер семирткичке ээ болгон фермерлер эмгектин акыбети кайтып, түшүмдү арбын алганын айтышууда. Бөлүнгөн каражат сарпталып бүтүп, долбоор жыйынтыкталууда. Дүйнөлүк банк каржылоону улантса, иш кайра жанданышы мүмкүн.