POST1RIGHT
Туристтик аймактарды булгагандарды айып пулга тартуу сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүнү Маалымат, туризм жана маданият министрлиги сунуштап жатат. Долбоор коомдук талкууга чыкты.
Тиешелүү мыйзамга сунушталган өзгөрүүгө ылайык туристтик аймактарды булгандарга административдик жоопкерчилик каралууда. Бүгүнкү күндө корголгон жаратылыш аймактарын булгап, таштанды калтыргандарга 3 миңден 5 миң сомго чейин айып пул каралган.