Эртең, 11-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым райондордо жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн 3...+8
күндүз +5...+10
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн 3...+8
күндүз +5...+10
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 4...+9
күндүз +8...+13
Баткен облусунда
түнкүсүн 4...+9
күндүз +9...+14
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -3...+2
күндүз +8...+13
Нарын облусунда
түнкүсүн -2...-7
күндүз +2...+7
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +6...+8 градус, күндүз +8...+10 градус болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +4...+6 градус, күндүз +10...+12 градус болот.