POST1RIGHTБалдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, "2016-жылы 4 миң ата-эне эмдөөдөн баш тартса, былтыр алардын саны 7 миңге жеткен. Баш тарткандардын 68 пайызы диний көз караштарга таянгандан улам эмдетишпейт.
Бирок Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы эмдөөнүн балага эч кандай зыяны жоктугун билдирип келет. Белгилей кетсек, дарыгерлер эмдөө баланы ар кандай оорулардан алдын алууга жардам берет. Бул үчүн өкмөт жылына 83 миллион сом сарптайт.