Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рошидовго Кербен-Ала-Бука жолундагы Өзбек чек арачылары коюп алган блокпостту тез аранын ичинде алууну талап кылган нота жиберди.
Белгилей кетсек кечээ эртең менен такталбаган чек ара аймагына Өзбекстандык 30-40тай чек арачылары кирип келип, 2 БТР жана 2 Камаз унаасын токтотуп алышкан. Дипломаттардын пикир алмашуусунда чек ара такталбаган аймактагы мындай кадам - Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарындагы кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн экени айтылды.
Ошондой эле өзбек тарап эл аралык укук нормаларын урматтоо менен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда, 1996-жылдын 24-декабрында кол коюшулган түбөлүк достук тууралуу келишимге маани бериши керектиги баса белгиленди.