Баткенде Өзбекстандан аткезчилик жол менен кирген жүк кармалды
Новость www.

POST1RIGHT

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Жер аймагында аткезчилик жол менен келген 400 килограмм жез жүгүн аныкташты. 

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Окуя 17-март күнү болгон. Өзбекстандын аймагындагы белгисиз адамдар мамлекеттик чек ара сызыгынан Кыргызстандын аймагына 28 капка салынган металл ыргытышкан. Бул маалда жүктү кыргызстандык беш киши тосуп турган. 

Алар металлды алары менен чек ара кызматкерлери колго түшүргөн. Кармалгандар айыпка жыгылып, жүк Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.