Португалияда шоколад жасоо боюнча өткөн эл аралык фестивалда дүйнөдөгү эң кымбат момпосуй жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Момпосуйдун баасы 7 728 евро турат. Аны жасоодо шафран жип, ак трюфель, мадагаскар ванили жана сырдуу кошулма колдонулган. Ошондой эле анын сырты 23 карат алтын менен капталган.
Маалыматка ылайык, Даниэль Гомеш момпосуйду жасоо үчүн бир жыл убакыт короткон. Гомеш мындай шоколаддан болгону 1000 даанасы гана жасаларын айткан.
Таттуу сырты Swarovski кристаллдары менен кооздолгон сапаттуу жыгачтан жасалган кутуга салынган. Өзгөчө жасалган момпосуйлар Бириккен Араб Эмирлигине, Анголага, Аргентинага жана Россияга жөнөтүлгөн.