22-март - Бүткүл дүйнөлүк суу күнү. Бул дата Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чечими менен 1993-жылы кабыл алынган. Өзгөчө мааниге ээ болгон суу ресурстары бардык тармакка - экономика болобу, социалдыкпы же башкасы болобу адамзаттын өнүгүшүнө зарыл нерсе.
POST1RIGHT
Бириккен улуттар уюму жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөнүн 89 пайыз калкы ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Бирок ошол эле учурда дүйнөдөгү 800 миллион адам дагы деле таза сууга муктаж.
Адамзат аба сыяктуу эле сууга да өтө муктаж. Окумуштуулар 2025-жылга карата 3 миллиард адам сууга таңсык боло турганын жана соңку он жылда калктын саны өскөнүнө байланыштуу дүйнө жүзү боюнча таза же ичүүчү сууга болгон муктаждык алты эсе өскөнүн байкаган. Адистердин баамында 2050-жылга азык түлүккө болгон муктаждык 70 пайызга өссө, айыл чарбасына зарыл болгон суу бери дегенде 19 пайызга, ошол эле учурда тузсуз же таза сууга болгон муктаждык да кыйла өсөт.
Кыргызстан Тажикстандан кийин Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу ресурстарына эң бай өлкө. Эсептөөлөрдө анын 71 пайызын көлдөр, 2 пайыздан ашыгын дарыялар жана 26 пайыздан көбүрөөгүн мөңгүлөр, 0,5 пайызын жерден чыккан суулар түзөт. Ага кошумча жылына 50 миллиард куб метр суу пайда болуп турат. Ошол эле учурда адистер сууну товар катары колдонгонду өздөштүрүп, сууну барктап аны туура пайдалануу керек деп эсептейт.