Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Бишкек-Ош жолунун 121-137,198-265-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автожолунун 62-100-чү, Бишкек-Талас жолунун 198-208-чи жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү болушу ыктымал. Өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.