Тынбай жааган жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында суунун денгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүү коркунучу сакталат. POST1RIGHT
Ошондой эле, Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74-чакырымдарында, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ал эм Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун денгээли кескин көтөрүлүшү ыктымал.
Буга байланыштуу жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл экендигин эскертет министрлик.