Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл бурушкан. Бул күнү кыргыздар арча, адырашманды күйгүзүп, үй ичин жана короо-жайын аласташкан. Ошондой эле адамдар бири-бирине жакшы ой-тилектерин, каалоолорун билдиришип, белектерин тартуулашкан. Таарынычы барлар чын дилден бирин-бири кечирип, “бардык чыр-чатак, араздашуу эски жыл менен кетти” деп эсептешкен.
Бул майрам бир гана Кыргызстанда эмес Орто Азия жана Чыгыштагы бир катар мамлекеттерде да белгиленет. Муну менен катар чет жактарда жүргөн мекендештерибиз да бул майрамды белгилешүүдө.
“Нооруз” деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче “нау” “жаңы”, “рузи” “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Тарыхчы Дүйшөн Керимов бул күнү күн менен түн теңелерин айтат.
Нооруз түрк элдеринде «Султан Нооруз» деп аталат. Туркияда чыгыш жана түштүк чыгыш областарда майрамдалат. Жалпы жонунан 21-22-23 март майрам күн деп эсептелинет. Бирок, жайгашкан ордуна карата жылдырылышы мүмкүн. Нооруз майрамында даярдыктар бир ай мурун башталат. Нооруз күнү эл эртең менен күн чыкканга чейин турушуп, таза сууга жуунушуп, таза суудан ичишет. Ал эмес жаныбарларга да таза суудан беришет.
Боёлгон жумурткаларды бир жума мурда жибитилген арпа менен идишке салып коюшат. Күрүч, башка тамактар жана таттуулардын жети түрүнөн чоң дасторкон жасалат. Бөлмөлөргө гүл жыттуу суюктук чачышат. үй бүлөөнүн баардыгы жаңы кийим кийишет. Майрамдык маанайда тамактанышат.
Кыргыздар байыркы убакта жыл майрамы Улустун улуу күнүн майрамдашкан. Бул күнү жети даамды кошуп, чоң көжө жасашкан. Кийин Иран маданиятынын келиши менен бул салт Ноорузга ооп калган.
Кытайлык кыргыз мекендештерибиз бул майрамды Жыл ажыратуу деп эсептеп келгенин кытайдагы филология илимдеринин доктору, окумуштуу Макелек Өмүрбай уулу белгилейт. Ал, бул майрамды Нооруз деп Борбор Азия элдери жалпы майрамдап калгандан кийин гана аталып калган дейт.
Бозулан Ысаков, Биринчи радио