Обончу-композитор Шеркул Дүйшөналиев дүйнө салды
Новость

 Кыргыз маданияты менен искусствосу оорду толгус жоготууга учурады.

Кыргыз элине белгилүү обончу- аткаруучу, композитор, педагог Шеркул Дүйшөналиев 68 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Анын чыгармалары чыныгы сүйүү, потриоттук, мекенге, жаштарга болгон кеңдик жана эң башкысы лирикалык тереңдик менен айырмаланып турчу. Айрыкча оркестр коштоосундагы концерттери жана симфониялык ырлары, угармандардын эсинде узакка сакталуучу чыгармалар болуп сакталып калды.

Ал өзүнүн ырларын андан сырткары көптөгөн обончу, композиторлордун ырларын, эстрадалык ансамблдердин жана симфониялык оркестрдин коштоосунда кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырып, калтырып кетти.

Шеркул Дүйшөналиев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1957-жылы туулган. Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайынан билим алган. Обончулук менен ырчылыкты бирдей алып жүргөн таланттуу чыгармачыл адам болгон.

Алгачкы чыгармачылык эмгек жолун Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын Ч. Кожомжаров атындагы эстрадалык ансамблинде жана “Наристе” ансамблинде баштаган. Кыргыз радиосунун камералык хорунда көп жылдар бою эмгектенди. Республикалык фестивалдардын көптөгөн сыйлыктарынын лауреаты.

Шеркул Дүйшөналиев 26 жаш курагында Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Анын жараткан обондору: “Жүрөгүм сезет”, “Булактагы кездешүү”, “Табийгат сыры”, “Кумар көз”, “Көңүл бөлсөң”, “Ойлончу”, “Сизге тааныш эмеспи”, “Үйлөнүү тоюна”, “Үмүт”, “Жаштар бийи” жана башкалар.

Шеркул Дүйшөналиевдин чыгармачылыгынын туу чокусу 1980-1990-жылдары анын алгачкы олуттуу чыгармалары музыка чөйрөсүндө чоң кызыгуу менен кабыл алынып, өзгөчө таасирдүүлүгү менен айрымаланып турган.

Кыргыз элибизге бүтүндөй өмүрүн арнап,  маданият жана искусство тармагында өчпөс из калтырып кеткен белгилүү обончу – аткаруучу, композитор Шеркул Дүйшөналиевдин жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият, искусство жана музыка сүйүүчүлөрдүн, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындарына, бир туугандарына үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.