POST1RIGHT
Өз баласын дааратканага таштаган аял эки жылга соттолду. Бул тууралуу маалымат агенттиктерине Ленин райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Ажара Мамбетсеитова билдирди.
Анын айтымында, соттун чечими чыгып, наристени тай энеси багып алуу ниетин билдирген. Эскерте кетсек, «Арча-Бешик» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин дааратканасында жаңы төрөлгөн наристе 31-июлда табылган.
Милиция эки ай бою ымыркайдын апасына издөө жүргүзгөн. Кийин 1995-жылы Нарын облусунда туулган «Арча-Бешик» конушунун тургуну кармалган эле.