Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат
Новость KTRK/videograp

Жаан-чачын ушул жуманын аягына чейин созулат. Бул аралыкта өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сел, суу ташкыны, жер көчкү коркунучу бар аймактардан оолак болууга чакырууда. Транспорт министрлиги болсо кар көчкү жана таштардын кулоо коркунучуна байланыштуу, зарылчылыгы болбосо Бишкек - Ош, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолуна чыкпай турууну сунуштайт.



Жаз мезгилинде башталган нөшөрлүү жамгырдан улам, жер көчкү жүрүү коркунучу жаралууда. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1,5 метрге чейин жердин жылганы байкалган. Андай кооптуу аймактар Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында да бар.

Бийик тоолуу райондордо жааган кардан улам Бишкек - Ош унаа жолунда кар көчкү жүрүү коркунучу сакталууда. 27-марттан 30уна чейин кечки саат 10дон таңкы 6га чейин “Сосновка” жана “Арал” бекеттери убактылуу жабылууда.

Жаандан улам Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таш түшүү коркунучу пайда болду. Буга байланыштуу унаа жолдун 130-чакырымы кечкисин жарыктандырылып, жол ылдамдыгын азайтууну эскерткен белгилер орнотулду. Жакынкы күндөрү жолчулар кооптуу таштарды кол менен түшүрүшөт. 


Нөшөрлөгөн жаан, бийик тоолорго кардын жаашы өлкөнүн бардык аймагында 30-мартка чейин созулат. Туруксуз аба ырайына байланыштуу тиешелүү мекемелер жарандарды жолдо жүрүүдө кылдат болууга чакырууда.