1-апрелден 3-апрелге чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди. Анда жер-жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.