Көк түстөгү айсберг көрдүңүз беле? (видео)
Новость aif.ua

Сүрөтчү Алекс Корнелл Антарктикага болгон эскпедициясынын  убагында  Атлантикалык океанда сүзүп жүргөн муз бөлүгүн сүрөткө тартып алган. Бирок сүрөтчү сейрек кездешүчүү жаратылыштын кубулушуна кезиккенин аңдай берген эмес.

Биз билгендей айсберг ак түстө болот эмеспи. А бирок жаратылышта алар кээде көк түстө да болоорун көпчүлүк биле бербесе керек. Окумуштуулардын айтымында, мындай абал муздар пайда болгон учурда абанын жетишсиздигинен улам болушу мүмкүн. Ошол себептен улам адамдар ак айсбергдин ордуна көк түстөгүсүн кезиктиришет.

Мындан тышкары, илимпоздор айсбергдин муздан турган майда бөлүктөрү суу алдында көпкө туруп калган учурда да өңү-түсүн,формасын өзгөртүп да коюшу мүмкүн экендигин айтышат.