Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиршкендей, 5-апрелден 8-апрелге чейин “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет.
Чек араны жабуу кытай тараптын сунушу менен ишке ашырылууда.
Анткени коңшу өлкөдө бул күндөрү маркумдарды эскерген салттуу майрамы белгиленет. Каттам кайра 9-апрелден тарта жанданат.