"Элдик репортер" рубрикасына кайрылган окурманыбыз Бишкек-Ош жолунун жээгиндеги даараткана тууралуу төмөндөгүдөй пикирин калтырган:
Мекенибиз Кыргызстан дүйнөдөгү кооз жерлердин бири. Тоолору, көлдөрү, токой, жайлоолорун айта берсек өтө көп. Бирок ошол нерселердин көркүн бузган жагдайлар кездешүүдө. Мисалга алсак Бишкек-Ош жолунун Таласка кеткен жеринде кыргыз элинин сыймыгы болгон Манас атабыздын айкели бар. Ошол айкелдин алдында ажаткана бар. Ага же бийлик же башкалары маани берер эмес. Биз го көнүп калганбыз. Бирок чет өлкөдөн келген меймандарга кандай түшүндүрөбүз? Балким Сиздер аркылуу көңүлгө алып башкаа жака көчүрүшөр-, дейт ал кайрылуусунда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.