Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаровдун катышуусу менен кеңешме өткөрдү.
Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.
Кеңешменин катышуучулары Президентке ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө баяндады.