Элдик репортер: Апрель революциясынын күнүнө карата 5000 теректин көчөтү тигилди
Новость

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 5000 теректин көчөтү отурузулганын ""Элдик репортер" рубрикасына маалымат жөнөткөн окурманыбыз кабарлады. 

Анын айтымында 7-апрель Элдик реолюциясынын күнүнө карата аталган райондогу мекеме, ишканалардан чогулган 200дөн ашык адам Оргочор айыл аймагына караштуу Боз-Бешик айылынын 5 гектар жерине беш миң көк теректин көчөтүн отургузушкан.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.