Кыргызстандын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз жыйыны Москвада өтөт. Тышкы иштер министрлигинен кабарлагандай, отурумда уюмдагы толук ыйгарым укуктуу өкүл Аман Мамбетсеитов мүчө мамлекеттерге Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде болуп жаткан абал тууралуу маалымат берет.
POST1RIGHT
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Могол айылында кыргыз-өзбек такталбаган чек ара тилкесине 18-мартта Өзбекстандын аскер кызматкерлери эки БТР менен Камазды киргизген.
Буга байланыштуу кыргыз чек арачылары дагы ал жакка аскерлерди жөнөткөн. Азыркы тапта кыргыз жана өзбек тарап тең талашка түшкөн чек ара тилкесинде аскер кызматкерлеринин санын азайтты.