Америкалыктар космосто алгачкы мейманкананы ачышат
Новость KTRK/videograp

Америкалыктар космосто алгачкы мейманканасын ачышат. Ал 2021-жылы болот. Бул тууралуу батыштын маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

АКШнын Калифорния штатынын Сан-Хосе шаарында “Аврора станциясы” долбоорун баштоо боюнча маселе талкууланган. Станциянын жүргүнчүлөрү космоско 12 күндүк саякатка чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк алышат. Космосто эс алууну каалоочуларга экипаж мүчөлөрүнөн тышкары 6 кишиге орундук каралган. 

Эс алуучулар жерди 322 чакырым бийиктикте байкап, орто эсеп менен 16 таңдын жана 16 күндүн батканын көрө алышат. Мындан сырткары туристтерге илимий изилдөөгө катышууга мүмкүнчүлүк болот. Тагыраагы, орбитада азык-түлүк өстүрүлүп, ылдамдыгы бат интернеттин жардамы менен виртуалдык дүйнөнүн технологиясын өздөштүрө алышат.

Долбоордун негиздөөчүсү Фрэнк Банжеранын айтымында космостогу люкс номерлүү мейманкана 2022-жылы алгачкы эс алуучуларды кабыл ала баштайт. Боштуктагы 12 күндүк эс алуу үчүн туристтер тогуз жарым миллион доллар төлөшөт. Космоско учуу алдында туристтер 3 ай даярдоо окуусунан өтүүсү шарт.