Айрымдар таза сууга жетпей кыйналып жүрсө, биздин көчөдө суу топтолуп сазга айланып жатат билдиришкен, "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган тургундар:
Биз, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын М.Горький көчөсүнүн тургундарынын атынан кайрылып жатабыз. Таза суу кеткен труба жарылып, сазга айланып жатат.
Биз бул тууралуу айыл өкмөтүнө жарым жылдан бери кайрылып, бир нече жолу атайын арыз менен кайрылдык. Бирок козголгон киши жок. Эл таза сууга зар болуп жүрсө, бизде минтип саз болуп жатат. Топтолгон суу улам кеңейип, тереңдиги 2,5 метр, ал эми туурасы 4, узуну метрди түзөт. Күндөн күнгө чоңоюп жаткандыктан, балдар ойноп түшүп кетеби деп кооптонуп, айланасына тосмо койгонбуз. Бирок улам суу жеп отуруп, жакын тайгашкан үйгө коркунуч жаратууда.
