"Элдик репортер" рубрикасына бүгүн Ноокат районунун Кызыл-Терек айылынын тургуну видео жиберген. Видеодо Алишер аттуу мырза бир жылдан бери көпүрө салынбай, өзүлөрү кол менен жасап алышкан жыгачтардын үстүнөн өтүп жатышкандыктарын жана суу кирген убакта 2-3 метр ары айланып өтүшөөрүү жөнүндө маалымдады. Бул кичинекей-чоңу болобу айылдын баардык тургундарына кооптуулук жаратууда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.