Жети-Өгүз районунда 14-апрель өткөн ишембиликте 104 мекемеден 1710 адам катышып, тазалоонун натыйжасында 70 тоннага жакын таштанды чыгарылган. Бул тууралуу "Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз маалымат жөнөткөн.
Мындан тышкары Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол авто унаа жолунун жээгиндеги жана айыл ичиндеги 3460 түп бак дарактар акталып, элет эли жазгы сугат иштерине карата 40,5 км каналдар менен арык түйүндөрүн тазалашткан.



