Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында Кара-Дарыя суусунун жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-апрель күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 га үлүш жерди, «Өзгөн Девзира» кооперативинин 234 га жерин суу каптаган.
Ошондой эле Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 18 үйдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган. Жээктерди бекемдөө үчүн ӨКМден 1 бульдозер, 1 экскаватор, 1 самосвал тартылган. 16-апрель күнү 18 каттам шагыл ташылган жана 60 метр узундуктагы суу тосмо орнотулган. Жээк бекемдөө иштери 17-апрелде дагы улантылат.