"Элдик репортер" рубрикасына кайрылган Нуралиев Улан деген окурманыбыз, Жапалак айылдындагы шаардын таштандысын таштоочу жайдан чыккан адам чыдагыс түтүн күндө кечинде айылды аралап кирет. Эртерээк ушул маселени чечип беришсе жакшы болмок. Күн жылып баратат, кечинде терезелерди ачып отуруга мүмкүн эмес. Таза аба киргизем деп терезени ачып үйдүн баарын жагымсыз түтүнгө толтуруп алабыз. Күн жылыган сайын түтүн дагы көбөйүүдө дейт,- окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.