Төрөлгөнүнөн тубаса укпаган беш бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду
Новость KTRK/videograp

Кулагы төрөлгөнүнөн тарта тубаса укпаган беш бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Операция Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында жасалды. Россиядан жана Германиядан келген дарыгерлер кулактын пардасын калыбына келтирип, уктуруу мүмкүнчүлүгүн бере турган атайын чипти орнотушту. 

POST1RIGHT

Операцияны Россиядан жана Германиядан келген дарыгерлер жасашты. Ага мамлекеттик медициналык академиянын адистери да катышып, тажрыйба алмашуу аркылуу операцияны жасоо жолдорун терең үйрөнүштү.


Мындай операциялар Кыргызстанда 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын базасында жасалып баштаган. Кыргыз дарыгерлери да буга чейин бир нече жолу кулакка операцияларды жасашкан. Чет өлкөлүк адистер менен тажрыйба алмашуунун өзү кесипкөйлүктү ого бетер арттырып, чеберчиликти дагы өстүрөт.