"Элдик репортер" рубрикасына Кадамжай районунун Марказ айылынын тургуну жол көйгөйү боюнча видео жиберген. Видеодо медициналык мекеменин алдын суу каптаган жана жаан жааган сайын мындай көрүнүш кайталанып тураары айтылган. Буга күнөөлүү катары жол куруучуларын көрсөтүп, алар жол куруу процессинде суунун жолун медициналык мекемеге буруп коюшкандыгын билдирди. Анын билдирүүсү боюнча жолду түрк ишканасы курган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.