Дубалдары, шыбы түшө баштаган Кысык-Алма орто мектеби
Новость

"Элдик репортер" рубрикабызга Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Алча-Башат айылынын мектеп окуучусу мектептин азыркы абалын сүрөткө тартып жиберген. Сүрөттө Кысык-Алма орто мектебинин кейиштүү абалы чагылдырылган. Мектептин дубалдары да, шыбы да түшүп окуучулардын окуусуна кооптуу болууда.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.